Февраль 18th, 2011 by tamada
Кашаң ат минген Осмонкул
Айыл-кыштактарга автоунаа жете элек кез. Артисттерди бир айылдан экинчи айылга жеткизүүнү жергиликтүү активдер моюндарына алышчу экен.
Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылынан Осмонкулга кашаң ат тийип калат. Ошондо үзөңгүнү үзө тээп, үстөккө-босток камчыланган Осмонкул ат үстүндө минтип ырдаптыр:
«Бурулуштан чыкканда,
Үрккөн атты бериптир.
Аркасынан Осмонкул,
Түрткөн атты бериптир «.
Толугу менен
Posted in Ангидот | No Comments »
Февраль 18th, 2011 by tamada
- Эшенкул ага, мына «Тамадалар борборунун» түзүлгөнүнө жарым жылдан ашык убакыт болду. Бул арада кандай ийгиликти жараттыңыздар?
- Ооба, кыргыздын кылымдап келе жаткан жакшылык тойлоруна жарчы болгон кыз-жигиттерибиздин башын бириктирип, бир чакан уюм болууга болгон аракетибиз акырындык менен ишке ашып келе жатат. Оюбуз бир жерден чыккан, тилегибиз бир болгон соң, эл артистинен баштап, маданияттын мыкты кызматкери болгон өнөрпоз жигиттер, тажрыйбасы мол адабият, тил илимине тиш салган окутуучулар, жазганы жаза кетпеген журналисттер, көкүрөгүнө нарк сактап, оозунан сөзү төгүлгөн сөзмөр жаштардан турган биздин борбордун аты аздыр-көптүр эл оозуна алынып калды. Бул албетте, биз үчүн абдан чоң ийгилик. Иш башталгандан бери канчалаган гана кыргыздын жакшылык-тойлоруна барган жокпуз. Ар бирибиз тойду жыйынтыктап жаткан маалда, «тамадалар борбору» тууралуу эки ооз сөз айтып, көпчүлүктүн кулагына жат кылабыз. Ишибиз өз жемишин берип, мына эшигибизден эртеден кечке эл кетпей, жакшылыктын ээлери атыбызды алыстан угуп келип жатышат. Айталы, азыркы тапта Бишкекте бир миллион калк жашаса, алардын 30-40 пайызы бизди билип, биздин кызматыбыздан пайдаланып калышты. Тигил жагы Таластан, Ош, Нарын, Ысыккөл жергесинен атайы келип, жакшылыгына жарчы болууга тамада тандап кеткендери дагы жок эмес. Биз болсо элдин ишеничин актап, тойлорду өз наркы, каадасы менен, тартиби-таалими менен өткөрүүгө жабыла аракет кылуудабыз. Ал эми калың журттун мезгил өткөн сайын, биздин борборго көп келиши, биз башынан айткандай алардын алтындай убактысы менен аз-маз тыйынын үнөмдөп жиберебиз. Анткени, той берет элем деп келгендер биздин босогону аттаганы тамаданы гана тандап кетпестен, коногунун санына ылайыктуу тойкана, анын ашканасы, тойду коштой турган ырчы-чоорчуларды, эстелик үчүн эскирбей турган сүрөтчү, видео операторду кошо таап, көңүлү жайланып кетип жатпайбы. Керек болсо, бизде тойго союла турган жылкыдан бери камдап берүүчүлөрдүн дайын-даректери турат. Эки саат убактысын бөлгөн адам, тоюнун камылгасынын көбүн бүтүрүп кетери чындык. Бул биздин сүймөнчүк тартып баратышыбыздын бирден-бир себеби.
Толугу менен
Posted in Жарыя, Макалалар | No Comments »
Январь 13th, 2011 by tamada
«Тамадалар Ордосу» сүрөтчү жана дизайнерлерге «Тамадалар Ордосунун» логотиби үчүн эмгектерге сынак жарыялайт. Той башкарып, элди ыр-күлкүгө карк бөлөгөн тамадалардын мааниси чагылдырылган, өтө татаал эмес, эң жакшы жасалган эмгек «Тамадалар Ордосунун» логотиби деп табылып, жеңүүчү 2000(эки миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланат.
Байланыш үчүн телефондор: 0772 263 463, 0312 699 744
«Тамадалар Ордосу» сүрөтчү жана дизайнерлерге «Тамадалар Ордосунун» логотиби үчүн эмгектерге сынак жарыялайт. Той башкарып, элди ыр-күлкүгө карк бөлөгөн тамадалардын мааниси чагылдырылган, өтө татаал эмес, эң жакшы жасалган эмгек «Тамадалар Ордосунун» логотиби деп табылып, жеңүүчү 2000(эки миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланат.
Байланыш үчүн телефондор: 0772 263 463, 0312 699 744
«Тамадалар Ордосу» сүрөтчү жана дизайнерлерге «Тамадалар Ордосунун» логотиби үчүн эмгектерге сынак жарыялайт. Той башкарып, элди ыр-күлкүгө карк бөлөгөн тамадалардын мааниси чагылдырылган, өтө татаал эмес, эң жакшы жасалган эмгек «Тамадалар Ордосунун» логотиби деп табылып, жеңүүчү 2000(эки миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланат.
Байланыш үчүн телефондор: 0772 263 463, 0312 699 744
Posted in Жарыя, тамада | No Comments »
Январь 13th, 2011 by tamada
Өткөн жылдын 27-декабрь күнү тамадалар да өзүлөрүнүн мыктыларын аныкташты. «Тамадалар ордосунун» негиздөөчүсү Эрлан Абдугапаровдун демилгеси астында уюшулган бул кечеде Кыргызстандагы бардык тамадалардын 100% колдоосу менен тамада Алтынбек Шадыбеков «Тамадалар ордосунун» төрагасы болуп шайланды. Айтымда, эми тамадалар да кадыресе эаманбап, анан мыйзамдуу жолго түшкөнү жатышыптыр. Дегеним, эми той ээлери «Тамадалар ордосуна» келип кадимкидей кагаз жүзүндө келишим түзүшөт. Ошол келишимдин негизинде тамадалар тойду алып барышат. Болбосо той ээлери менен тамадалардын ортосунда кээде түшүнбөстүктөр болуп калат экен. Бул азырынча жөн гана алдыдагы максат. Эми муну ишке ашырууну төрага колуна алмакчы. Ал эми 2011-жылга карата 11 тамаданы мыкты деп таап, аларга «Тамадалар ордосунун» ардак грамоталары тапшырылды. Алар кайсы той башкаргыч тамадалар экенин төмөндөгү азил-куттуктан таанысаңыздар болот.
Read the rest of this entry »
Posted in Жаңылыктар | No Comments »
Январь 13th, 2011 by tamada
«Кыргызда той көп, андан кийин эле майрам көп» деп куудулдар айтып калат. Анын сыңарындай, көп майрамдын санына дагы бир майрам кошулду. Сөздүн каймагын тандап сүйлөгөн, тамадалардын башын бириктирген «Тамадалар ордосу» 27-декабрды тамадалар күнү деп белгиледи. Аталган ордонун жүргүзгөн иши жана «эрке балдар» тууралуу маалыматты аталган ордонун төрагасы Алтынбек Шадыбеков айтып берди.
Read the rest of this entry »
Posted in Макалалар | No Comments »
Ноябрь 26th, 2010 by tamada
Каалайбызбы, каалабайбызбы, кыргыз эли той жандуу, ыр жандуу эл. Элди чогултуп оюн-тамаша куруу, жайыл дасторкон кылып, келгендердин ыраазычылыгын сурап, бата алуу – ата-бабадан келаткан салт. Тойдун эрке балдары – тамадалары да көбөйдү. Адегенде аттуу-баштуу адамдардын (артисттердин) тойдо сүйлөп, тойдо ырдаганы саал оңтойсузураак сезилчү. Бара-бара бул түшүнүк башкача өңүткө ооп, тескерисинче кадыр-барктуу өнөргө айланып барат.
Арийне, ата-бабабларыбыз кесипкөй сахна пайда болгуча өнөрлөрүн эл-журтка ошондой аш-тойлордо көрсөтүп келгени чын жана ал учур ошол ыр-күүсү, оюн-тамашасы, эрке баласы менен эсте калчу экен…
Биз бүгүн сиздерге сунуш кылып жаткан каарманыбыз, “Салабаттуу тамада” аттуу эл берген номинация менен таанымал эрке бала – Жапар БЕЙШЕНАЛИЕВ.
Read the rest of this entry »
Posted in Макалалар | No Comments »
Ноябрь 10th, 2010 by tamada

Болжолдуу эсептөөлөргө караганда жылына кыргызстандыктар ар кандай шаан-шөкөт, той-тамаша, сөөк узатуу зыйнатына 2 миллиард ашуун доллар сарпташат.
Ашыкча ыгым-чыгымдарды азайтуу, айрым ырым-жырымдарды жупун өткөрүү максатында мурдагы парламент тушнда атайын мыйзам долбоору иштелип чыгып, бирок ал өтпөй калган. “Азаттыктын” кезектеги тегерек үстөл талкуусу мына ушул темага арналды.
Талкууга катышкандар:
Ишкер Анарбек Усупбаев
“Ата Журт” партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Ибрагим Жунусов
Кыргызстан тамадалар ассоциациясынын төрагасы Эшенкул Барпиев
Read the rest of this entry »
Posted in Каада-салт, Макалалар | No Comments »
Ноябрь 9th, 2010 by tamada
Эркек бала үч жашка чыкканда ата-эненин алдында «уулумду сүннөткө отургузуу керек» деген милдет жаралат. Мурда айылдагы аттуу-баштуу аксакалдар жол -жобосу менен бул салтты колго алса, азыр көбү медиктердин жардамына таянышат. Баланы сүннөткө отургузуу керекпи? Башка өлкөлөрдө аталган салттын күчү барбы деген суроолорго жооп издедик.
Жанды аман алып калуу керек…
Изилдөөчүлөрдүн айтканына таяна турган болсок, байыркы элдерде баланын жанын аман алып калыш үчүн аны сүннөткө отургузушкан. «Кара жанын алып калуу үчүн денесинин бир бөлүгүн курмандыкка чалыш керек» деген түшүнүк египеттиктерде, эфиопиялыктарда мыкты өнүккөн. Сириялыктар болсо аны египеттиктерден үйрөнүшкөн. Биздин доорго чейин пайда болгон салт 1800-жылдардын башында диний көз караш менен каралган. Андан кийин сүннөттү мастурбация менен байланыштыра башташат. Анткени, адам өзүнө мастурбация жасаган учурда сүннөткө отурбаган эркектин жыныс мүчөсүнө инфекция кирип, ден-соолугуна залакасын тийгизээрин далилдешкен.
Read the rest of this entry »
Posted in Каада-салт, Макалалар | No Comments »
Ноябрь 5th, 2010 by tamada
Күркүрөгөн күз келип, бышыкчылык жыттанып турат. Ушул күндөрү үй-бүлө куруу жөнүндө айткан адамдар да көп болсо керек. Албетте, үйлөнүү үлпөттөр бир канчалаган каражаттарды талап кылат. Андыктан үй-бүлө курууну максат кылгандар үйлөнүү тойду өткөргөндү да пландашы зарыл.
Бышыкчылык келип базарда баары жайнаганы менен керектелүүчү буюмдарга коюлган баа ого бетер эле жогору. Мындай кырдаал чөнтөккө келген күч болуп эсептелет. Мына ушундай маселелерди эске алып, үйлөнү үлпөтүн наркын минималдуу түрдө иликтөөгө аракет кылдык.
Read the rest of this entry »
Posted in Каада-салт | No Comments »
Октябрь 5th, 2010 by tamada
Карышкырдын түшүнө кой, ал эми тамаданын түшүнө той» кирет экен. Саясаттагылар партия түзүп, шайлоого аттанса, тамадалар «Тамада Ордого» биригип тойго шымаланган чак. Аш-тойлорду көркүнө чыгарган, ар дайым той эңсеп, жакшылык тилеген тамадалар бизге талкуу курушту.
Дайырбек Орунбеков: «Тамада Ордосу» качан ачылып, эмне кызмат аткарат?
Эрлан Абдукапаров, «Тамада ордонун» жетекчиси: Буга чейин той ээлери ар кайсы тааныш-тамырларынан сурамжылап, тамада издеп убара болушкан. Ошого байланыштуу тамадалардын башын бириктирүү идеясы жаралды. Максатыбыз тамадалар тууралуу кенен маалымат берүү.
Read the rest of this entry »
Posted in Макалалар | No Comments »